Рапакивиa.
Рапакиви (финнче rapakivi – чириген таш) – порфир сымал структуралуу гранит. Курамын ортоклаздын ири кристаллдары (40%ке чейин), кварц (30%), олигоклаз (20%), биотит (8%) жана кошунду минералдар (2%) түзөт. Курулушта кооздоп каптоочу таш катары колдонулат.
Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]
- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 6-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2014. 816 бет, илл. ISBN 978 9967-14-117 -9